Министр Чыңгыз Айдарбеков ардактуу консулдар менен жолукту

© Фото / пресс-служба МИД КРСовещание с почетными консулами иностранных государств с участием МИД КР Чингиза Айдарбекова
Совещание с почетными консулами иностранных государств с участием МИД КР Чингиза Айдарбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар ардактуу консулдарга өзгөчө активдүүлүгү жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошкону үчүн ыраазычылык каттары тапшырылды.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кечээ, 10-сентябрда, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандагы чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында консулдар менен экономикалык, маданий-гуманитардык жана социалдык чөйрөлөрдөгү кызматташтык маселелери талкууланды. 

© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандагы чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен кеңешме өткөрдү
Министр Чыңгыз Айдарбеков ардактуу консулдар менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандагы чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен кеңешме өткөрдү

"Ардактуу консулдар институту чет өлкөлөр менен натыйжалуу иштешүү үчүн маанилүү", — деди министр.

Кеңешменин жүрүшүндө бир катар ардактуу консулдарга өзгөчө активдүүлүгү жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттары тапшырылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0