Ош шаарында дагы бир кичи аллея курулат. Эскиз

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшЭскиз аллеи в микрорайоне Тюлейкен в Оше
Эскиз аллеи в микрорайоне Тюлейкен в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эс алуучу жайды курууга калаадагы курулуш компаниялардын бири демөөрчүлүк кылууда.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Ош шаарынын Төлөйкөн кичирайонунун Төлөйкөн-12 көп кабаттуу үйүнүн артына кичи аллея курула баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Аталган жайдагы мыйзамсыз курулуштар буга чейин мэрия тарабынан алынып салынган.

"Аллея шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун өткөн аптада ишкерлер менен сүйлөшүүсүнөн кийин башталды. Калаа башчысы ишкерлерди да шаардын абалын жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө чакырган. Буга курулуш компанияларынын бири өз ыктыяры менен демөөрчүлүк кылууда", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Кулатов кичирайонунун Бекмамат Осмонов көчөсүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен узундугу 850 метрден ашуун аллеянын курулуп жатканы кошумчаланат. Анын жанына дагы бир курулуш компания кичи аллея менен аялдама куруп берери айтылат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0