Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайлардын өң-келбети өзгөрөт

© Sputnik / Уулжан СаякбаеваКурс доллара в Кыргызстане
Курс доллара в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар бийлиги Абдрахманов жана Москва көчөлөрүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын ээлери менен жыйын курган.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Биринчи Май районунун акими Алибек Биримкулов Салык кызматынын, "Бишкекбашкыархитектура" ишканасынын жана №12 Муниципиалдык территориялык башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте акча алмаштыруучу жайлардын ээлери менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Акча алмаштыруу жайында акча санап жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акча алмаштыруучу жайларда элди кантип алдашат. Тасмага түшкөн ыкмалар
Шаар бийлиги бүгүн, 10-сентябрда, Абдрахманов жана Москва көчөлөрүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын ээлери менен жыйын курган.

Анын алкагында борбордук көчөлөрдөгү валюта курсун көрсөткөн тактайларды "Бишкекглавархитектура" иштеп чыккан заманбап эскиздик долбоорго ылайыктап жасоо сунушталды.

Ошондой эле ишкерлерди Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин сактоого чакырып, өз аймагын таза кармоого жана салыктарды убагында төлөөгө үндөгөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0