14:04 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Абак. Архив

Сот мэриянын үйлөрүн сатып ийген шектүүнүн баш коргоо чарасын тандады

© Sputnik / Владимир Песня
Коом
Кыскача шилтеме алуу
94 0 0

Кечээ тартип сакчылар шектүүнү колго түшүргөн.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Нариман Түлеевден алынган сегиз батирди сатып, элди сызга отургузду деп шектелген мэриянын мурунку кызматкери А.Э. Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бул тууралуу ШИИББден кабарлашты.

Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алган. Муниципалдык мүлк башкармалыгынын мурдагы кызматкери Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен айыпталып жатканы боюнча маалымат берилди.

Белгилей кетсек, буга чейин мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси кылмыштуу схеманы аныктап чыкканы айтылган. Калаа мэриясынын мурунку кызматкери муниципалдык мүлктү сатуу боюнча аукциондун протоколдорун жасалмалап, Москва көчөсүндө жайгашкан сегиз батирди сатып ийген. Аталган кызматкер мэрияда болгону бир жарым ай иштеген. Анын мыйзамсыз аракеттеринен 583 миң долларлык чыгым келтирилгени белгилүү болгон.

Милиция шектүү Баткен облусунда жашырынып жүргөнүн, Тажикстанга өтүп, андан ары Түркияга учуп кетүүнү пландаштырганын маалымдаган.

8-сентябрь күнү милиционерлер менен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматындагылар шектүүнү чек арадан өтүп бара жаткан жеринен, Лейлек районунан кармашкан.

Эске салсак, сот 2017-жылы экс-мэр Нариман Түлеевдин 11 батирин конфискациялап, мамлекетке өткөргөн. Анын сегизи мэриянын, ал эми үчөө Башкы прокуратуранын балансына берилген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

"Түлеевдин үйлөрүн" сатып Түркияга бет алган шектүү кармалды
Белгилер:
кылмыш, алдамчылык, батир, Нариман Түлеев, Бишкек мэриясы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ