"Электрондук каттоо": окуучулардын маалыматтары мыкты корголгон

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүНоутбукта иштеп жаткан окуучу. Архив
Ноутбукта иштеп жаткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата-эне же баланы камкордукка алган тарап паспортунун маалыматтарын, электрондук почтасын көрсөтүп, өзүнүн жана баланын документтеринин көчүрмөсүн тиркейт.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Мектепке электрондук каттоо аркылуу кирген окуучулардын маалыматтары атайын алгоритмдер менен корголгон. Бул тууралуу "Мектепке электрондук каттоо" системасын иштеп чыккан Азамат Абдыраев билдирди.

Бүгүн, 10-сентябрда, Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда "Мектепке электрондук кезекке туруу: баланын жеке маалыматтарын кантип коргоо керек" аттуу маалымат жыйын өттү.

Адистин айтымында, ата-энелер балдарынын жеке маалыматтары үчүн кабатыр болбой эле койсо болот.

"Маалыматтар менен абдан тажрыйбалуу компания иштеп жатат. Жөнөтүлгөн документтердин бардыгы коопсуздук сертификаты менен, алмашуу каналдары криптографиялык алгоритмдер менен корголгон", — деди Абдыраев.

Торжественная линейка в день знания в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Электрондук кезекке турбай калган балдар 1-класска убагында кирди
Серверлер жана сактоо системалары боюнча инженер Алексей Горкин дагы маалыматтардын коопсуздугу тийиштүү деңгээлде корголгон деп ишендирди.

Белгилей кетсек, баланы биринчи класска электрондук каттоо аркылуу киргизүүдө ата-эне же баланы камкордукка алган тарап паспортунун маалыматтарын, электрондук почтасын көрсөтүп, өзүнүн жана баласынын документтеринин көчүрмөсүн тиркейт.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0