Бишкекте желим бөтөлкөлөр үчүн өзгөчө урналар коюлууда

© пресс-служба мэрии города БишкекУстановка специальных урн для пластика в Бишкеке
Установка специальных урн для пластика в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийиктиги эки метр болгон урналар вице-мэр Рыспек Сарпашовдун сунушу менен Түштүк магистралдагы жаңы паркка коюлду.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы жаш ишкерлер менен биргеликте желим бөтөлкөлөр үчүн атайын урналарды орнотуп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Бийиктиги эки метр болгон урналар вице-мэр Рыспек Сарпашовдун сунушу менен Түштүк магистралдагы жаңы паркка коюлду. Анын ичине миң желим бөтөлкө батат. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкекте желим бөтөлкөлөр үчүн атайын урналар орнотулуп жатат
Бишкекте желим бөтөлкөлөр үчүн өзгөчө урналар коюлууда - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте желим бөтөлкөлөр үчүн атайын урналар орнотулуп жатат

Чогулган бөтөлкөлөрдү долбоордун уюштуруучулары өздөрү түнкү саат 12:00дөн таңкы саат 5:00гө чейин алып кетип, кайра иштетүүчү цехтерге тапшырат.

"Учурда жаш ишкерлер дагы 60 урна жасоо үчүн демөөрчүлөр менен сүйлөшүп жатат. Бир урнанын баасы 7 миң сомду түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы калаа тургундарын жана конокторду желим бөтөлкөлөрдү атайын урналарга салууга чакырат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0