Төрт жигиттин өлүмү. Кырсыкта жабыркаган бир кыз эсине келе элек, экөө үйүнө чыкты

© Sputnik / Николай ХижнякОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автобус менен жеңил унаанын кагышуусунан төрт бала мерт болуп, жети киши жаракат алган.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Өкмөттүк трассадагы жол кырсыгынан жаракат алган бир кыз эсине келе элек. Бул тууралуу Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

Белгилей кетсек, 9-сентябрда саат 15:00дөр чамасында Чыңгыз Айтматов проспектисинде Skoda Octavia менен №8 автобус кагышып, жеңил унаадагы төрт бала мерт болгон. ШИИБдин билдиришинче, Skoda Octavia унаасынын айдоочусу каршы тилке менен айдап баратып кырсыктаган.

Последствия ДТП по проспекту Чингиза Айтматова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Милиция өкмөттүк трассада каза болгондордун жаш курагын аныктады
Каргашанын кесепетинен жети адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирөө алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө кеткен.

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаракат алган үч адам жаткырылган. Башкы дарыгердин айтымында, билеги сынган 59 жаштагы аял медициналык жардам алып үйүнө кеткен. Башынан жабыркап жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 30 жаштагы киши палатага которулду.

"Болжол менен 20-25 жаштагы кыздын мээси чайкалып, башы жарылган. Жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы оор бойдон, өзүнө келе элек", — деди Кубатбеков.

Ал эми Улуттук госпиталдын №1 нейротравма бөлүмүнүн жетекчиси Немат Арстанбеков башынан жаракат алып түшкөн 21 жаштагы кыздын абалы туруктуу экенин билдирди.

Кырсык кесепетинен эки кичинекей бала Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасына түшкөн. Башкы дарыгердин орун басары Данияр Шайбеков бирөөнүн абалы туруктуу экенин, экинчиси ооруканадан чыкканын кабарлады.

"Жеңил жарааты менен келген сегиз жаштагы кыз үйүнө чыгарылды. Башынан жаракат алган 15 жаштагы кыз нейрохирургия бөлүмүндө жатат. Абалы туруктуу", — деди Шайбеков.

Ал эми набыт болгон жигиттердин баары 17 жашта экени белгилүү болду.

Аталган жол кырсыгы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды.

Тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0