БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Резиденцияга бара жаткан жолдо автобустун алдына кирип кеткен Skoda Octavia үлгүсүндөгү автоунааны 17 жаштагы улан айдап бараткан. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Жол кырсыгынан кийин №8 автобус жол четиндеги бакты сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен автобустун айдоочусу менен жүргүнчүлөр да жаракат алган. Тез жардам кызматынан кабарлашкандай, жети жабырлануучу катталган.
Учурда каза болгон балдардын ким экени такталууда. Кырсыктаган автоунаалар айып короого токтотулду.