Өкмөттүк трассадагы төрт жигиттин өлүмү. Унааны 17 жаштагы бала айдап бараткан

Жазылуу
Жеңил автоунаанын ичиндеги кыз оор абалда ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Резиденцияга бара жаткан жолдо автобустун алдына кирип кеткен Skoda Octavia үлгүсүндөгү автоунааны 17 жаштагы улан айдап бараткан. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Последствия ДТП по проспекту Чингиза Айтматова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: Бишкектеги жол кырсыгы төрт жигиттин өмүрүн алды
Белгилей кетсек, 9-сентябрда 15:00дөр чамасында Чыңгыз Айтматов проспектисинде Skoda Octavia менен №8 автобус кагышып, жеңил унаадагы төрт бала кырсык болгон жерден каза болгон. Ал эми машинанын ичиндеги бир кыз оор абалда ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыгынан кийин №8 автобус жол четиндеги бакты сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен автобустун айдоочусу менен жүргүнчүлөр да жаракат алган. Тез жардам кызматынан кабарлашкандай, жети жабырлануучу катталган.

Учурда каза болгон балдардын ким экени такталууда. Кырсыктаган автоунаалар айып короого токтотулду.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0