Парага унаа алып, сөзүнө турган эмес. Финпол аткаминерди кармады

© AP Photo / Molly Riley, FileУнаанын ачкычы. Архив
Унаанын ачкычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөө жүрүп жаткандыктан берилген автоунаа алынды.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Каракол шаарынын архитектура башкармалыгындагы бөлүм башчы жергиликтүү тургундан пара катары автоунаа алган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) кабарлады.

Жалал-Абаддагы ишкер пара берип жатканын видеого тартып алган - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддагы ишкер пара берип жатканын видеого тартып алган
Финполго аял кайрылып, аткаминер жер тилкесинин документин анын пайдасына чечип берем деп "ВАЗ" үлгүсүндөгү автоунаа алып, сөзүнө турбай койгонун айткан. Анан калса машинасын да кайтарып берген эмес.

Аталган факты Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин 1-бөлүгү ("Пара алуу") боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Каракол шаарынын архитектура башкармалыгынын жеке турак жай куруу бөлүмүнүн башчысы пара катары автоунаа алганы 4-сентябрда тастыкталган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0