Кыргызстандын өрт өчүрүүчүлөрү дүйнө чемпионатына катышууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКрупный пожар на складе бытовой техники в Бишкеке
Крупный пожар на складе бытовой техники в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке 26 өлкөдөн 800дөн ашуун спортчулар менен делегаттар келген.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчүлөрү жана куткаруучулары дүйнө чемпионатына катышууда. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

ДТП с пассажирским автобусом в Перми - Sputnik Кыргызстан
Пермде автобустун жүргүнчүлөрүн сактап калган кыргызстандык таксист сыйланды
Өрт өчүрүү-куткаруу спорту боюнча чемпионат Россиянын Саратов шаарында 8-16-сентябрь күндөрү өтөт. Анда бийик имаратка шаты менен чыгуу, 100 метр аралыктагы тоскоолдуктарды басып өтүү жана өрттү ыкчам өчүрүү боюнча мелдеш болмокчу.

Аталган чемпионаттын программасында төрт иш-чара камтылган: эркектер арасындагы XV дүйнө чемпионаты, аялдар арасындагы VI дүйнө чемпионаты, жаштар арасындагы IX дүйнө чемпионаты жана өрт-куткаруу спорт боюнча кыздар жана жигиттер арасындагы V дүйнө чемпионаты.

Мелдешке 26 өлкөдөн 800дөн ашуун спортчулар менен делегаттар катышат.

Чемпионаттын башкы максаты — өрт өчүрүү-куткаруу спортун өнүктүрүү жана пропагандалоо, жаңы чыккан өрт өчүрүүчү техника жана шаймандар менен тааныштыруу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын мамлекеттер аралык достук байланышын чыңдоо.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0