17:17 23 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Боец смешанных единоборств Канат Келдибеков, под псевдонимом

Мушкер "Тайсонго" Талас Бегалиев таза кандуу аргымак мингизди. Белектин чоо-жайы

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
6676 0 0

Спортчу белек алып жаткан видеосун социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. "Тайсон" каймана аты менен белгилүү кыргызстандык мушкер Канат Келдибековго Талас облусунун көк бөрү командаларынын жетекчиси Талас Бегалиев таза кандуу аргымак тартуулады.

Белек алып жаткан видеону мушкер өзүнүн Instagram баракчасына жүктөгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Канат Келдибеков Ⓜ️ "Тайсон" (@kanat_keldibekov)

"Ассалом алейкум, туугандар. Иним Канат Келдибековго өткөндө беттештин алдында колдоо иретинде баласына ат мингизем деп сөз бергем. Өзүмдүн жакшы көргөн, Чехиядан келген аргымагымды тартуу кылууга уруксат бериңиздер", — деп Талас Бегалиев спортчуну атка мингизген.

Эске сала кетсек, Келдибеков 17-августта Чолпон-Атада өткөн AIKOL FC 7 турниринин алкагында россиялык Михаил Диктеровду утуп, чемпиондук курга ээ болгон.

"Тайсон" кезектеги беттешин 4-октябрда Грозный шаарында ACA (Absolute Championship Akhmat) турниринин алкагында өткөрмөкчү.

Sputnik Канат Келдибековдун жашоосу тууралуу видеоматериал даярдаган. Анда мушкер алты жаштагы уулунун кулагы укпай, сүйлөбөй калганын айтып, элден жардам сураган.

Тема боюнча

Азия чемпиону болгон Үзүргө айылдаштары таза кандуу күлүк мингизишти. Видео
Хабиб UFC 242 турнириндеги кызыктуу беттеши үчүн кошумча акча алды. Суммасы
Белгилер:
аргымак, мушкер, белек, Талас Бегалиев, Канат Келдибеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ