Комуз күнүнө карата өлкөдө кандай иш-чаралар өтөт? Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование дня защиты детей в Бишкеке
Празднование дня защиты детей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда комуз күнүн белгилөө боюнча Жарлыкка кол койгон.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Комуз күнүнө карата өтө турчу иш-чаралардын тизмесин жарыялады.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков  9-сентябрь — Кыргызстанда комуз күнүн белгилөө боюнча Жарлыкка кол койгон.

Майрамга карата өтө турган иш-чаралардын тизмеси төмөнкүдөй:

Заслуженный деятель культуры КР, драматург Кайрат Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Иманалиев: комуз 3000 жыл мурда кытай падышасына белекке берилген
— Карамолдо Орозовдун айкелинин алдында салтанаттуу иш-чара өтөт. Башталышы: 8-сентябрь, 10:00. Ысык-Көл облусу, Корумду айылы;

— "Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү" аттуу илимий-практикалык конференция. Башталышы: 9-сентябрь, 10:00. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы, Бишкек;

— Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдындагы эскерүү иш-чарасы. Башталышы: 9-сентябрь, саат 12:30. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Токтогул Сатылгановдун айкелинин алды;

— "Комуз — улуттук сыймык" аттуу залкар комузчулардын көргөзмөсү. Башталышы: 9-сентябрь, 16:30. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын фоеси;

— "Таңшы комуз" гала концерти. Башталышы: 9-сентябрь, 18:00. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залы.

Белгилей кетсек, быйыл комуз күнү биринчи ирет белгиленет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0