Ошто маршрутка айдагандар бирдей форма киет. Сүрөт

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшЕдиная форма для водителей микроавтобусов Оша
Единая форма для водителей микроавтобусов Оша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулар жашыл түстөгү күрмө кийишет.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Ош шаарында маршрутка айдагандар окшош формага өтүүдө. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлашты.

Ага ылайык, калаа башчысы Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы боюнча кичи автобустардын айдоочулары Ош шаарынын эн белгиси түшүрүлгөн окшош форма кийип башташты.

"Учурда 5 багыт боюнча каттамга чыккан маршруткалардын айдоочулары окшош форма кийип башташты. Ош шаардык жүргүнчү транспорту агенттиги бул багытта иш алып барып, бардык 48 каттамга чыккан айдоочулардын баары бирдей форма киет", — деп айтылат маалыматта.

Ош мэриясынан кабарлашкандай, айдоочулар жашыл түстөгү күрмө кийишет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0