Мээни айлантпай ток этерин жаз! Кат жазуу этикети

Жазылуу
Жашоону катсыз элестетүү кыйын. Жумуш боюнча дагы, жеке иштер менен дагы кимдир бирөөлөргө кат аркылуу кайрылууга туура келет. Катты канткенде окумдуу кыла алабыз? Бул тууралуу этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Саламдашуу

Адам менен жүз көрүшпөсөңүз  эле учурашпай койсо болот деп ойлобоңуз. Каттын башында кадимкидей салам айтып, жакын адам болсо ден соолугун, кызматтык кат болсо иштерин сурап койгон туура.

Атын атаса, куту сүйүнөт

Катта ар бир кишиге атын атап кайрылган жакшы. Бул нерсе сиз үчүн ал адам менен сүйлөшүү канчалык маанилүү экенин түшүндүрөт. Эгерде кат жазып жаткан адамды мурда тааныбасаңыз, сөзсүз түрдө атын, фамилиясын тактап алыңыз.

Ката

Бетме-бет көрүшкөн маалда адамдар бири-биринин келбетине, кийим-кечегине карап баа берсе, катта кишиге анын сабаттуулугу аркылуу мамиле кылышат. Андыктан, катасыз жазууга аракет кылыңыз. Маанилүү кат болсо, жөнөтөр алдында кайталап окуп коюңуз.

Кыска-нуска жазыңыз

Катты окучу адамдын башын айлантып оюн онго бөлбөй, айтайын дегениңизди кыска-нуска түшүндүрүңүз. Тагыраагы, саламдашуудан кийин эле эмне маселе менен кайрылганыңызды же кандай кабар бергиңиз келгенин дароо жазыңыз.

"Кыйкырбай" сүйлөңүз

Российско-итальянское совместное предприятие Вилла Переделкино - Sputnik Кыргызстан
Эски халат, тизеси чыккан шымды таштаңыз. Үйдө конок тосуу этикети
Айрым адамдар сүйлөмдүн аягына илеп белгисин коюп же сөздөрдү жалаң баш тамгалар менен жазганды жакшы көрөт. Балким алар айтайын дегени канчалык маанилүү экенин көрсөткүсү келеттир. Бирок психологиялык жактан караганда, катты окуп жаткан адамга сиз өктөм үн чыгарып, катуу сүйлөп жаткандай сезилиши мүмкүн. Анын үстүнө тыныш белгилерди же баш тамгаларды аша чаап колдонуу көзгө жагымсыз дагы көрүнөт.

Жасалга

Катты жөнөтөр алдында тексттин түзүлүшүнө көңүл буруңуз. Бардыгы туура жана тыкан болушу керек. Эгерде катты кагаз түрүндө жолдогону жатсаңыз, кагаз жана конверт таза, бырышсыз болушу керек. Адатта каттын сыртына кол менен жазууга туура келет. Кол жазмаңыз сулуу болбосо, жакшы жазган бирөөгө кайрылыңыз.

Көңүл айтуу каты

Жашоодо жакшылык менен жамандык бирге жүрөт эмеспи. Кээде тааныш-билиштерге кат аркылуу көңүл айтууга туура келет. Мындай каттын өзгөчөлүгү — компьютерден терилбей, ар дайым колго жазылышы керек. Дагы бир маанилүү жагдай — кат чын жүрөктөн жана болушунча кыска жазылганы туура.

Коштошуу

Каттын аягында коштошууну унутпаңыз. Ушул эле жерге маектешиңизге катты окууга убактысын бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип коюңуз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0