Кандай бейтаптар пенсияны мөөнөтүнөн эрте ала алат? Соцфонддун түшүндүрмөсү

© AFP / Juan BARRETOБольница в Каракасе
Больница в Каракасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн тийиштүү токтом долбоору Социалдык фонд тарабынан коомдук талкууга коюлган.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Жүрөк жана онкологиялык оорулар менен жабыркагандар пенсиянын топтолмо бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда ала алат. Бул тууралуу Социалдык фонд кабарлады.

Эске салсак, буга чейин өкмөттүн маалымат кызматы өмүрүнө коркунуч жараткан дартка кабылган Кыргызстандын жарандары пенсиянын топтолмо бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда ала турганын кабарлаган

Өкмөттүн тийиштүү токтом долбоору Социалдык фонд тарабынан коомдук талкууга коюлган.

"Саламаттык сактоо министрлиги оор делген илдеттердин тизмесин берди. Ага азырынча жүрөк оорусу жана онкологиялык оорулардын 2-баскычтан тартып бардык түрү кирди. Документ өкмөт тарабынан бекитиле элек", — деди Соцфонддун өкүлү Элнура Бейшеева.

Токтом долбоору ишке киргенден тартып камсыздандырылган адамдар жашаган жери боюнча Социалдык фондунун аймактык бөлүмдөрүнө арыз менен кайрыла алышат.

Тизмеде көрсөтүлгөн дарт менен жабыркагандар арыз менен кошо төмөнкү документтерди даярдашы керек:

— камсыздандырылган адамдын ким экендигин ырастаган документ (көчүрмөсү жана түп нускасы);

— арызды башка адам бере турган болсо, анда анын нотариус тарабынан ырасталган ишеним каты жана өздүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү менен түп нускасы;

— Тизмеге ылайык, оор кесели бар экендигин ырастаган, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген маалым кат.

Документтин ишке аша турган убагы азырынча маалым боло элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0