Ошто милиционердин жубайы унаасын каршы тилке менен айдаган. Видео

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Ош. Ошская область
Город Ош. Ошская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол инспекторлору айдоочу аялды айыпка жыкты.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Ош шаарында Lexus 350 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун каршы тилкеси менен жүргөн. Окуянын видеосун күбөлөр соцтармакка жүктөштү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 🚂🚔🚒🇰🇬Официальный Аккаунт🇰🇬🏎🚙🚘🏍 (@autotrade.kg)

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашкандай, окуя 2-сентябрь күнү Памир көчөсүндөгү облустук оорукананын жанында болгон.

Айдоочу аял 5,5 миң сом айыпка жыгылды. Ал эмне себептен каршы тилкеге чыгып алганын түшүндүргөн эмес.

Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактын маалыматына караганда, эреже бузган айдоочу ИИМдин Ички иликтөө кызматында эмгектенген кызматкердин жубайы болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0