Учактагы ымыркайдын өлүмү. Самолетко кандай оору менен ооругандар түшө албайт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАэропорт Внуково имени А. Н. Туполева
Аэропорт Внуково имени А. Н. Туполева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Самолетко адам каалаган кезинде уча албашы мүмкүн. Мунун бирден-бир себеби — жүргүнчүнүн ден соолугу. Саламаттыкка байланыштуу убактылуу учпай туруу зарыл, болбосо иштелип чыккан эрежелерди сактоо шарт экен. 

Үстүбүздөгү жылдын 3-августунда Pegasus Airlines компаниясынын Бишкек — Стамбул багыты боюнча учкан учагында бир жарым айлык ымыркай чарчап калганы белгилүү болгон.

Өлкөдөгү авиакомпаниялардагы ишенимдүү булак Sputnik агенттигине ымыркайды ата-энеси Түркияга медициналык текшерүүгө алып бара жаткандыгын айтып берген

Соңку окуяга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги учакка кандай оорусу барлар отура албайт деген суроого жооп издеди.

Жүргүнчүлөрдүн учар-учпасын аэропорт чечпейт

"Манас" эл аралык аба майданынын маалымат катчысы Алия Курбанова жүргүнчүлөрдүн кайсы бир илдетине байланыштуу учушу керекпи же жокпу деген маселени авиакомпаниялар карай турганын айтып берди.

Кыргызстандык авиакомпаниялардын кудайлаткан учактары - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк оозго тыгылат! Кыргызстандык авиакомпаниялардын кудайлаткан учактары
Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги  "Аба аркылуу ташуулардын эрежелери" бекитилгенин билдирди. Авиакомпаниялар дал ушул эрежени сактайт. Ошондой эле алар кошумча талаптарды киргизе алары белгиленди.

Sputnik жергиликтүү үч компанияга кайрылды. Tez Jet жана Avia Traffic жалпы тартипти гана сактай турганын айтышты. Кошумча эрежелери тууралуу Air Manas компаниясы гана айтып берди.

Алгач "Аба аркылуу ташуулардын эрежесиндеги"  адамдардын ден соолугуна байланыштуу жерлерин карап көрсөк.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген же оорусу барлар үчүн тартип:

1. Майып адамдар жана илдети бар жүргүнчүлөр самолет менен учуу үчүн дарыгерден уруксат кагазын алышы керек. Ошондой эле мындай жарандарды ташууда атайын талаптар көрсөтүлүшү шарт; 

2. Учак ичинен ден соолугу начарлаган адамдар үчүн авиакомпания жоопкерчилик тартпайт; 

3. Авиакомпания жүргүнчүнү алгандан кийин транзиттик, трансфердик жерлердеги кызматкерлерге майып жүргүнчү бар экендигин эскертиши керек. Ошондой эле компания мындай жерлерге келгенде жүргүнчүнүн өзүнө да эскертип турушу кажет;

Катардын Хамад аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң мыкты авиакомпания менен аэропорттордун рейтинги аныкталды
4. Медициналык замбилдеги оорулуу аба кемесинде орун берилсе жана ага каражат төлөнсө гана уча алат;

5. Авиакомпания замбилдеги бейтапты алып кетүүгө шарты болбосо баш тартууга укуктуу;

6. Оорулуу жүргүнчүлөрдүн медицалык каражаттары, атайын кресло жана майып арабалары учак компаниянын уруксаты менен киргизилиши керек; 

7. Оорулуу адамдар авариялык эшик жактан орун ала албайт;

8. Майып арабасындагылар коштоочусу менен гана уча алат. Коляска үчүн акы алынбайт; 

© Sputnik / Мария Ващук / Медиабанкка өтүүУчакта бара жаткан жүргүнчүлөр
Учактагы ымыркайдын өлүмү. Самолетко кандай оору менен ооругандар түшө албайт - Sputnik Кыргызстан
Учакта бара жаткан жүргүнчүлөр

Кош бойлууларды ташуу эрежеси:

1. Кош бойлуу бир түйүлдүк көтөрсө, төрт жумадан (бир ай) кийин уча алат. Ал эми бир нече түйүлдүк көтөрсө, сегиз жумадан (эки ай) кийин гана самолетко түшө алат. Дарыгерден маалына жетпей төрөө коркунучу бар-жогун сураштырышы керек;

2. Бир түйүлдүк көтөргөндөр 28 (алты жарым ай) жумадан 36 (сегиз ай) жумага чейин дарыгердин уруксат кагазы менен уча алат;

3. Эки түйүлдүк көтөргөндөр 32 жумага (жети жарым ай) чейин дарыгердин уруксаты менен самолетко түшө алат;

4. Боюнда бар аял жабыркаса, авиакомпания жооп бербейт;

Рабочий визит президента КР Алмазбека Атамбаева в город Астану - Sputnik Кыргызстан
КМШ президенттери эмне менен учат? Самолеттер парады
5. Эгер компаниянын өкүлү кош бойлуу аялдын ден соолугу боюнча күмөнсүсө, түйүлдүккө канча убакыт болгонуна карабай учакка түшүрбөй кое алат;

6. Өлкөнүн иммиграциялык мыйзамы кош бойлуунун учпашын талап кылса, компания аны ала албайт;

7. Кош бойлуу авариялык эшик жактан орун албайт. 

8. Жаңы төрөлгөн наристеге бир жума (7 күн) толмоюнча учак менен учууга тыюу салынат. 

Көзү көрбөгөн, кулагы укпаган жүргүнчүлөрдү ташуу:

1. Компаниянын уруксаты менен көрүүсү начарлар жана укпагандар бойго жеткен коштоочусунун же ага жол көрсөткөн иттин (собака-поводырь) жардамы менен уча алат. Айрым компаниялардын ичинде мындай адамдарды коштоп жүргөн атайын кызматкерлер бар;

2. Көзү начар көргөн же дүлөй жүргүнчү билет алып жатканда, аны ит коштоп бара турганын эскертиши керек. Өз кезегинде компания тиешелүү жоопту кайтарышы керек; 

3. Коштоп жүргөн ит бекер ташылат. Ал үчүн жүргүнчүнүн иттин ээси экендигин тастыктаган документи болушу керек. Ошондой коопсуздук үчүн кожоюну итти каргысы менен көзөмөлдөп, мурдуна тумшук кабын кийгизиши керек; 

4. Жүргүнчү ити менен салондун арт жагына жайгаштырылат; 

Өзгөчө кырдаалдар

1. Бортто жүргүнчүнүн оорусуна байланыштуу кырдаал, жаракат же өлүм болсо, авиакомпаниянын кызматкерлери мүмкүн болгон жардамдын бардыгын көрсөтүшү шарт;

2. Медициналык чыгымдарды жүргүнчү же анын өкүлдөрү көтөрөт.

"Air Manas" компаниясынан төмөнкүдөй адамдар уча албайт:

1. Эки жума мурда жүрөгүнө операция жасаткандар же инфаркт болгондор;

2. Канда инсулин кескин түшүп кетип, аны дайыма кабыл алып туруу керек болсо;

3. Жүргүнчү кошумча кычкылтек менен дем алууга аргасыз кезде;

Аэропорттун күтүү залындагы жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аэропорт — тойкана эмес! Аба майданында жана учакта жүрүү боюнча 10 кеңеш
4. Учуу алдында өнөкөт астма жана курч респиратордук оору күчөсө;

5. Гипс салдыргандан кийин 24 сааттан өткөн соң гана учууга болот. Ошондо дагы учуу убактысы эки сааттан ашпашы керек. Эгер эки сааттан ашык убакытка учам десе, 48 сааттан кийин гана уруксат берилет;

6. Жугуштуу оорусу барлар инфекциялык баскычта медициналык уруксат кагаздын негизинде уча алат;

7. Жол жүргөндө илдетти оорлошуп, көз жумуп кетиши мүмкүн дегендер;

8. Дартына же абалына байланыштуу жүрүм-туруму кооптуулук жаратат деп эсептелгендер;

9. Оор акыбалдагы, медициналык замбилдеги жүргүнчүлөр;

10. Учакта жеке кам көрүүгө муктаж (тамак ичүү, ажатканага баруу жана башка), бирок жанында коштоп жүрүүчүлөрү жоктор;

Авиакомпания бейтапка учактан эмне жардам көрсөтөт?

Учакта учуп баратып ден соолугу начарлагандарга борт коштоочулар алгачкы медициналык жардам гана көрсөтө алат. Ошондой эле борт коштоочулар учакта дарыгерлердин бар-жогун сурайт. Кырдаалга жараша учак артка кайтат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0