Бишкекте мыкаачылык менен сабалгандардын туугандары митингге чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг родных и близких, пострадавших от жестокого избиения у здания ЖК
Митинг родных и близких, пострадавших от жестокого избиения у здания ЖК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сабалган кишилердин туугандары тергөө акыйкаттуу жүрсүн деп талап коюшууда.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бишкекте мыкаачылык менен сабалган кишилердин туугандары Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгышты.

Алар бир жумадан бери шектүүлөрдүн табылбай жатканына нааразы болушууда.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Бишкекте мыкаачылык менен сабалган кишилердин туугандары Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгышты.
 Бишкекте мыкаачылык менен сабалган кишилердин туугандары Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгышты. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкекте мыкаачылык менен сабалган кишилердин туугандары Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгышты.
© Sputnik / Табылды КадырбековАлар бир жумадан бери шектүүлөрдүн табылбай жатканына нааразы болушууда.
Алар бир жумадан бери шектүүлөрдүн табылбай жатканына нааразы болушууда. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Алар бир жумадан бери шектүүлөрдүн табылбай жатканына нааразы болушууда.
© Sputnik / Табылды КадырбековАкцияга катышып жаткандардын бири "беш киши шектүүлөрдү оңой эле таап аларын" айтууда, бирок туугандары бардыгы мыйзамдын чегинде болушун каалап жатышат.
Акцияга катышып жаткандардын бири беш киши шектүүлөрдү оңой эле таап аларын айтууда, бирок туугандары бардыгы мыйзамдын чегинде болушун каалап жатышат. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Акцияга катышып жаткандардын бири "беш киши шектүүлөрдү оңой эле таап аларын" айтууда, бирок туугандары бардыгы мыйзамдын чегинде болушун каалап жатышат.
1/3
Бишкекте мыкаачылык менен сабалган кишилердин туугандары Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгышты.
2/3
Алар бир жумадан бери шектүүлөрдүн табылбай жатканына нааразы болушууда.
3/3
Акцияга катышып жаткандардын бири "беш киши шектүүлөрдү оңой эле таап аларын" айтууда, бирок туугандары бардыгы мыйзамдын чегинде болушун каалап жатышат.

Акцияга катышып жаткандардын бири "беш киши шектүүлөрдү оңой эле таап аларын" айтууда, бирок туугандары бардыгы мыйзамдын чегинде болушун каалап жатышат. Митингчилер Ички иштер министрлиги резонанстуу ишке кайдыгер болуп жатканын белгилешти. Акцияга катышып жаткандардын арасында жабырлануучулардын аймактардан келген туугандары дагы бар.

Работы правоохранительных органов. - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда май куюучу жайдын кызматкери сабалды. Милиционер шектелүүдө
Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген.

Адамдарды сабоо фактысы боюнча Бапышев Жаныбек Сеитбекович менен Сеитбеков Калысбек Сеитбекович изделип жатат. Ички иштер органынан милициянын майору Казыбек Бапышев иштен алынды. Ал шектүүлөрдүн биринин агасы экени белгилүү болуп, учурда кылмыш иши козголду. Мындан сырткары, милициянын эки кызматкери иштен алынып, дагы экөө катуу сөгүш алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0