Эртең Бишкектин айрым аймактарында жарык өчөт. Тизме

© пресс-служба мэрии города БишкекУстановка освещения вдоль велодорожки на юге столицы
Установка освещения вдоль велодорожки на юге столицы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Эртең, 5-сентябрда, Бишкектин айрым аймактарында жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09.00-17.00 — 12-кичирайондогу №44 үй;

10.00-18.00 — Кара-Жыгач конушундагы Теңир-Тоо, Кереге-Таш, Субан-Ата, Исакеев, Соң-Көл, Оберон көчөлөрү, Ак-Тилек конушундагы Ат-Мойнок, Чамгарак, Тарагай көчөлөрү;

09.30-17.00 — Тыныстанов, Малдыбаев, Абай жана Ахунбаев көчөлөрү менен чектешкен аймактар;

09.30-17.00 — Огонбаев көчөсүндөгү №222 үй;

09.00-19.00 — Салиева, Парковая көчөлөрү;

09.00-17.00 — Шота Руставели көчөсүндөгү №56 үй;

09.00-17.00 — Арча-Бешик конушундагы Узун-Булак, Он-Арча, Күйүкова, Баба-Ата, Абдрахманов, Арча, Эр-Тайлак, Кара-Коо, Стадионная, Төрткүл, Сакалдуу көчөлөрү;

09.00-18.00 — Масалиев, Шербет, Актан, Чортеков көчөлөрү.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0