Караколдогу №6 мектепке 27 жаштагы жигит директор болду. Сүрөт

© © SputnikНазначение нового директора школы №6 в Караколе
Назначение нового директора школы №6 в Караколе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы директор буга чейин төрт жыл мугалим болуп иштеген.

ЫСЫК-КӨЛ, 4-сен. — Sputnik. Каракол шаарындагы Антон Чехов атындагы №6 мектепке 27 жаштагы Жоомарт Карыбаев директор болду.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Жеңишбек Урумовдун айтымында, мектепке жаңы көз караштагы жетекчи зарыл болгондуктан Карыбаев тандалган. 

© © Sputnik Каракол шаарындагы Антон Чехов атындагы №6 мектепке 27 жаштагы Жоомарт Карыбаев директор болду
Караколдогу №6 мектепке 27 жаштагы жигит директор болду. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Каракол шаарындагы Антон Чехов атындагы №6 мектепке 27 жаштагы Жоомарт Карыбаев директор болду

"№6 мектепте республикалык ири долбоор ишке ашырылат. Андыктан, мектепке долбоорлор боюнча кенен ой жүгүрткөн адам керек болду. Жоомарттан үмүтүбүз чоң", — деди Урумов.

Совещание по вопросу организации и отправки гуманитарной помощи этническим кыргызам, проживающим на Большом и Малом Памире Исламской Республики Афганистан - Sputnik Кыргызстан
Соболду Икрамовго оодара коюп... Гүлмира Кудайбердиева тууралуу 7 факты
Билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, Караколдо жалпы жонунан 10 мектеп бар.

Жоомарт Карыбаев 1992-жылы Тоң районуна караштуу Ак-Сай айылында төрөлгөн. Каракол педагогикалык колледжин аяктаган. Ал эми жогорку билимди Ысык-Көл мамлекеттик университетинен алып, орус тили жана адабияты мугалими адистигин аяктаган.

Буга чейин башталгыч класстарга дене тарбия, орус тили жана адабияты боюнча сабак берип, Ысык-Көл телерадиокомпаниясында диктор болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0