Ош шаарындагы мектептерде Россиядан келген 17 мугалим сабак бере баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековПригородная средняя общеобразовательная школа. Архивное фото
Пригородная средняя общеобразовательная школа. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар орус тили жана адабияты, математика, физика сабактары боюнча билим берет.

ОШ, 4-сен. — Sputnik. Ош шаарындагы орто мектептерге Россиядан 17 мугалим келип иштей баштады. Бул тууралуу Шаардык билим берүү башкармалыгы билдирди.

Ага ылайык, мугалимдер орус тилдүү мектептерде 2019-2020-окуу жылынын соңуна чейин иштешет.

"Педагогдор орус тили жана адабияты, математика, физика сабактарын окутушат. Буга чейин калаадагы орто мектептерде дал ушул сабактардан берген мугалимдер жетишсиз эле", — деп айтылат маалыматта.

Мугалимге гүл берип жаткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайсы мугалимдин айлыгына канча сом кошулат? Тизме
17 мугалим атайын долбоор аркылуу чакырылган. Чет жактан келген окутуучулардын маянасы кыргызстандык мугалимдердикиндей эле болору белгиленди.

Эске салсак, Ош шаарындагы жалпы 78 орто мектепте 3000ге жакын мугалим иштейт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0