Атамбаев курдурган мечит камакка алынган жок. Прокуратуранын түшүндүрмөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие мечети "7 апрель шейиттери" в Бишкеке
Открытие мечети 7 апрель шейиттери в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин башкы көзөмөл органы мечит камакка алынганын кабарлаган болчу.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев салдырган Бишкектеги "7-апрель шейиттери" мечити камакка алынган жок. Аны курууга кеткен каражат каяктан алынганы иликтенип жатат.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин аталган мечит камакка алынганы кабарланган болчу.

Башкы көзөмөл орган Атамбаевдин коррупциялык иштери боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында 7-кичирайондогу мечитти мурдагы президент курдурганы аныкталганын эске салды.

"Бир гектар жер тилкеси "Форум илимий-өндүрүштүк фирма" ЖЧКсына катталган. Бул Атамбаевге таандык. Бирок мечит камакка алынып, иштөөсүнө чектөө киргизилген жок", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта тергөөдө тек гана мечитти курууга кеткен каражат кайдан алынганы иликтенип жатканын кошумчалашты.

Буга чейин мурдагы президенттин 135 мүлкү камакка алынып, 20сы кайра чыгарылган. Камактагылардын ичинде "Форум илимий-өндүрүштүк фирма" ААКсы дагы бар болчу.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0