Кочкордо ишкерлердин көмөгү менен курулган мектепти төрага барып ачты. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаРабочая поездка Дастанбека Джумабекова по Нарынской области
Рабочая поездка Дастанбека Джумабекова по Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим уясы 280 орунга ылайыкташып, заманбап талаптарга жооп берет.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кочкор районунун Мантыш айылында Таалайбек Курткаев атындагы орто мектептин жаңы курулган имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган мектеп "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун жана аталган окуу мекемесине аты берилген Таалайбек Курткаевдин үй-бүлөсүнүн көмөгү менен курулган. Билим уясы 280 орунга ылайыкташып, заманбап талаптарга жооп берет. Учурда жайкы спорттук комплекси да салынууда.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кочкор районунун Мантыш айылында Таалайбек Курткаев атындагы орто мектептин жаңы курулган имаратынын ачылышына катышты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кочкор районунун Мантыш айылында Таалайбек Курткаев атындагы орто мектептин жаңы курулган имаратынын ачылышына катышты. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кочкор районунун Мантыш айылында Таалайбек Курткаев атындагы орто мектептин жаңы курулган имаратынын ачылышына катышты.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаАталган мектеп "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун жана аталган окуу мекемесине аты берилген Таалайбек Курткаевдин үй-бүлөсүнүн көмөгү менен курулган.
Аталган мектеп Ассанабил кайрымдуулук фондунун жана аталган окуу мекемесине аты берилген Таалайбек Курткаевдин үй-бүлөсүнүн көмөгү менен курулган. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Аталган мектеп "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун жана аталган окуу мекемесине аты берилген Таалайбек Курткаевдин үй-бүлөсүнүн көмөгү менен курулган.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаБилим уясы 280 орунга ылайыкташып, заманбап талаптарга жооп берет. Учурда жайкы спорттук комплекси да салынууда.
Билим уясы 280 орунга ылайыкташып, заманбап талаптарга жооп берет. Учурда жайкы спорттук комплекси да салынууда. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Билим уясы 280 орунга ылайыкташып, заманбап талаптарга жооп берет. Учурда жайкы спорттук комплекси да салынууда.
1/3
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кочкор районунун Мантыш айылында Таалайбек Курткаев атындагы орто мектептин жаңы курулган имаратынын ачылышына катышты.
2/3
Аталган мектеп "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун жана аталган окуу мекемесине аты берилген Таалайбек Курткаевдин үй-бүлөсүнүн көмөгү менен курулган.
3/3
Билим уясы 280 орунга ылайыкташып, заманбап талаптарга жооп берет. Учурда жайкы спорттук комплекси да салынууда.

Ачылышында сөз сүйлөгөн Жумабеков билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө көрсөтүлгөн көмөк, өлкөнүн жаркын келечегине карата жасалган эң мыкты инвестиция экенин баса белгиледи. Ошондой эле мектепке алты компьютер белек кылды.

"Мектепке белгилүү ишмердин аты берилгени кубанычтуу саамалык. Анткени жакындан тааныган адам катары анын өлкөсүнө болгон сүйүүсүнө, эмгекчилдигине суктанчумун. Таалайбек Курткаевдин бирден-бир көздөгөн максаты - өз кичи мекенин өнүктүрүп, социалдык көйгөйлөрүн чечүү эле. Бүгүн ишке берилип жаткан мектеп да ошол коюлган максаттардын үзүрү деп билем. Андыктан, ушул заманбап мектептен жаш мекендештерибиз татыктуу таалим-тарбия алып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошот деген ишеничтемин", — деди төрага.

Ачылыш аземи бүгүн, 3-сентябрда болуп, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов жана башка коомдук ишмерлер катышкан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0