"Ош" базарынын соодагерлери мэрияга бир жума убакыт берди. Койгон талаптары

© Sputnik / Эламан КарымшаковМитинг на мини-рынке "Берекет универсал" в Бишкеке
Митинг на мини-рынке Берекет универсал в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соодагерлер менен жолугууга Жогорку Кеңештин депутаттары, вице-мэр жана аким келди.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. "Ош" базарында нааразычылык акциясына чыккан соодагерлер талаптарды аткаруу үчүн мэрияга бир жума убакыт берди.

Бүгүн, 3-сентябрда, "Берекет универсал" кичи базарында иштеген 500гө чукул адам чогулду. Алар мэр Азиз Суракматовдун келишин талап кылышкан. Бирок мэр жерине барган жок, анын ордуна вице-мэр Азиз Алымкулов менен Ленин районунун акими Токтосун Султанов келди.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттары Курманкул Зулушев менен Талант Мамытов да соодагерлер менен жолугуп, маселени көзөмөлгө алууну убадалашты.

© Sputnik / Эламан Карымшаков"Ош" базарында нааразычылык акциясына чыккан соодагерлер талаптарды аткаруу үчүн мэрияга бир жума убакыт берди.
Ош базарында нааразычылык акциясына чыккан соодагерлер талаптарды аткаруу үчүн мэрияга бир жума убакыт берди. - Sputnik Кыргызстан
1/5
"Ош" базарында нааразычылык акциясына чыккан соодагерлер талаптарды аткаруу үчүн мэрияга бир жума убакыт берди.
© Sputnik / Эламан КарымшаковБүгүн, 3-сентябрда, "Берекет универсал" кичи базарында иштеген 500гө чукул адам чогулду.
Бүгүн, 3-сентябрда, Берекет универсал кичи базарында иштеген 500гө чукул адам чогулду. - Sputnik Кыргызстан
2/5
Бүгүн, 3-сентябрда, "Берекет универсал" кичи базарында иштеген 500гө чукул адам чогулду.
© Sputnik / Эламан КарымшаковАлар мэр Азиз Суракматовдун келишин талап кылышкан.
Алар мэр Азиз Суракматовдун келишин талап кылышкан. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Алар мэр Азиз Суракматовдун келишин талап кылышкан.
© Sputnik / Эламан КарымшаковБирок мэр жерине барган жок, анын ордуна вице-мэр Азиз Алымкулов менен Ленин районунун акими Токтосун Султанов келди.
Бирок мэр жерине барган жок, анын ордуна вице-мэр Азиз Алымкулов менен Ленин районунун акими Токтосун Султанов келди. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Бирок мэр жерине барган жок, анын ордуна вице-мэр Азиз Алымкулов менен Ленин районунун акими Токтосун Султанов келди.
© Sputnik / Эламан КарымшаковМындан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттары Курманкул Зулушев менен Талант Мамытов да соодагерлер менен жолугуп, маселени көзөмөлгө алууну убадалашты.
Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттары Курманкул Зулушев менен Талант Мамытов да соодагерлер менен жолугуп, маселени көзөмөлгө алууну убадалашты. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттары Курманкул Зулушев менен Талант Мамытов да соодагерлер менен жолугуп, маселени көзөмөлгө алууну убадалашты.
1/5
"Ош" базарында нааразычылык акциясына чыккан соодагерлер талаптарды аткаруу үчүн мэрияга бир жума убакыт берди.
2/5
Бүгүн, 3-сентябрда, "Берекет универсал" кичи базарында иштеген 500гө чукул адам чогулду.
3/5
Алар мэр Азиз Суракматовдун келишин талап кылышкан.
4/5
Бирок мэр жерине барган жок, анын ордуна вице-мэр Азиз Алымкулов менен Ленин районунун акими Токтосун Султанов келди.
5/5
Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттары Курманкул Зулушев менен Талант Мамытов да соодагерлер менен жолугуп, маселени көзөмөлгө алууну убадалашты.

Митингге чыккандардын талабы:

— "Берекет универсал" кичи базары жайгашкан жер мэрияга карагандыктан жеке адамга таандык "Берекет" компаниясынын карамагынан чыгарылсын. Эгер муниципалдык базарга айланса, мэрияга бир айда ижара акысынан эки миллион сом түшөт;

— Апрель айында базар жетекчилиги өчүрүп кеткен электр энергиясын кайра кошуп берүү;

— Базарга кетчү жолго коюлган тоскоолдуктарды (жабылган көпүрөнү, тосулган жолду ачуу) алып салуу.

Маселени уккан депутаттар ушул убакка чейин маселени чечпей кырдаалды курчутуп жибергени үчүн шаар бийлигине кине койду. Алар жагдай менен толук таанышып чыгып өз көзөмөлүнө ала тургандыктарын айтышты.

Базарды жабам деп соодагерлерди кууратууда. Ош базарындагы ызы-чуунун видеосу - Sputnik Кыргызстан
Базарды жабам деп соодагерлерди кууратууда. "Ош" базарындагы ызы-чуунун видеосу
Ал эми вице-мэр муниципалдык базарга айлантуу талабын карап чыгууну убадалады. Тосулган жолду ачуу, электр энергиясын улап берүү маселесин чечүү үчүн соодагерлердин төрт өкүлүн алып мэрияга кетишти.

Натыйжада чогулган эл бир жуманын ичинде бийликтен алгылыктуу жооп болбосо жөө жүрүш менен Ак үйгө чейин барышарын айтып тарап кетишти.

Эскерте кетсек, "Берекет универсал" кичи базарын жаап, ал жерге соода комплексин куруу пландалууда. Буга каршы болгон соодагерлер жыл башынан бери эле митингге чыгып, мамлекеттик органдарга кайрылып келишет. Алар "эгер базар жабылса, кайда барабыз?" деп нааразы.

Базар жетекчилиги мурда өрттөнгөн базардын ордуна курулган имараттын ичинен күркө сатып алууну сунуштаган. Бирок соодагерлердин айтымында, анын 1 чарчы метри — 1500 доллар. Мындан сырткары, күн сайын ар бир чарчы метрине 50 сомдон ижара төлөшү керек. Эгер 10 чарчы метр жерде иштесе, ижарага айына 15 000 сом кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0