Мэр көрүстөн коррупциясын азайтууну тапшырды. Кандай жол менен?

© Sputnik / Михаил ДудинЮго-Западное кладбище Бишкека
Юго-Западное кладбище Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы Бишкектеги аза кызматтары агенттигинин жетекчилигине каршы кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура агенттик кызматкерлери шаардыктарга алдын ала жай "брондоп" коюуга шарт түзүп жүргөнүн айтып чыккан.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бишкек мэри Азиз Суракматов көрүстөндөргө байланыштуу коррупциялык иштерди азайтуу үчүн чара көрүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Жаназа окуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сөөктү жерге берүү үчүн канча акча жана эмне документ керек? Расмий маалымат
Шаар башчысы бул үчүн Бишкектеги аза кызматтары агенттигинин жетекчиси Аскербек Алиевге менеджментти жакшыртып, кызматкерлердин айлыгын көтөрүү тапшырмасын койду. Учурда бул агенттикте иштегендер 10 миң сомго чейин айлык алат. Аны канчага көтөрүү каралып жатканы айтылган жок.

Өткөн жылы Бишкектеги аза кызматтары агенттигинин жетекчилигине каршы кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура агенттик кызматкерлери шаардыктарга бош жерлерди берип, алдын ала жай "брондоп" коюуга шарт түзүп жүргөнүн айтып чыккан. Анда туугандарын коюуга жер алабыз деп кайрылгандардан акчасын алып, алдап кеткендер тууралуу дагы сөз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0