Баткен менен Таласка таза суу жеткирүү үчүн 20 млн. доллар насыя алынат

© Sputnik / Табылды КадырбековПроблема питьевой воды в селах Кыргызстана
Проблема питьевой воды в селах Кыргызстана  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Насыя 30 жылдык мөөнөткө бир пайыз үстөк менен берилмекчи.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Ислам өнүктүрүү банкы Баткен жана Талас облустарын таза суу менен камсыз кылуу долбооруна 20 миллион доллар насыя берүүгө даяр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин (ЖК) маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков 2024-жылга чейин эл таза суу менен толук камсыздалат деп сөз берди
ЖКнын Бюджет жана финансы комитети Кыргызстан менен аталган банктын ортосундагы "Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Таза суу менен камсыздоо департаментинин маалыматына караганда, келишимге ылайык, насыя 30 жылдык мөөнөткө бир пайыз үстөгү менен берилмекчи.

Эгерде долбоор ишке ашырылып калса, 146 миң адам жашаган 70 айыл таза суу менен камсыз болот. Ал үчүн кыргыз тарап да 10 миллион доллар өлчөмүндө каражат кошууга тийиш. Бул долбоор ратификацияланар замат иш башталат. Анын аткаруу мөөнөтү 4,5 жыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0