Шаардык милиция мектептердеги окуучулардын коопсуздугун көзөмөлгө алды

© Sputnik / Табылды КадырбековРейд УПМ по соблюдению ПДД в Бишкеке
Рейд УПМ по соблюдению ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салтанат учурунда эч кандай коомдук тартипти бузуу аракеттери катталган жок.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Окуу жылынын башталышына арналган салтанат учурунда Бишкектеги 102 мектептеги коопсуздукту 500дөн ашык милиция кызматкери камсыздады. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

"Милиция кызматкерлери мектептердин айланасында жана салтанат өтүп жаткан жерлерде болду", — деп айтылат маалыматта.

Салтанат учурунда эч кандай коомдук тартипти бузуу аракеттери катталган эмес.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-сентябрда, Кыргызстандын бардык аймактарында билим күнү белгиленип, 2019-2020-окуу жылы башталды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0