Бишкектеги "Газпромдун" мектебинин ачылышына Жээнбеков катышты

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваШкола в южной части Бишкека построенная в рамках проекта "Газпром — детям"
Школа в южной части Бишкека построенная в рамках проекта Газпром — детям - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп 960 орунга ылайыкталган. Ал "Газпром Кыргызстандын" алдындагы фонддун башкаруусунда болот.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкекте "Газпром Кыргызстан" мектеби расмий ачылып, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Мектеп жаңы окуу жылына эшигин ачты.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары "Газпром Кыргызстан" компаниясы тарабынан курулган мектепти "Газпром Кыргызстан мектеби" фондусуна өткөрүп берген.

Ар бир окуучу билим алуу үчүн ай сайын 22 миң сом төлөйт, бул каражат "Газпром" компаниясына берилбейт. Имараттын бир жылдык ижарасы 170 миллион сомдон ашык акчага айлангандыктан, окуучулардан түшкөн каражат мектептин керектөөлөрүнө жумшалат.

Жаңы мектептин ичи-тышынын көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан тарткан видеодон көрүңүз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0