10:41 14 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8106
  • EUR76.8580
  • RUB1.0870
ЖККББ кызматкери. Архив

Бишкекте эреже бузган айдоочу өзүн соцтармактан көрүп, инспекторго кайтып келди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
4145 0 0

Айдоочу инспекторлорго келип үч миң сом айып төлөп кеткен.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жол чырактын кызыл жарыгына өтүп кеткен Lexus GX470 унаасын токтотпой, өткөрүп жиберген жол инспекторлору эреже бузууну көрбөй калышкан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына ЖКККББдан билдиришти.

Окуя бүгүн, 1-сентябрь күнү саат 10.24тө Кулатов жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Видеокөзөмөлгө түшүп калган кадрларга караганда, 01KG 477 AFL деген номердеги Lexus GX470 үлгүсүндөгү унаа Кулатов көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, Элебаев көчөсүнөн түштүктү көздөй бурулган. Ошол учурда жашыл жарыктын күйүшүнө 10 секунддай убакыт калган.

"Айдоочу окуя болгон жерге кайра өзү кайтып келип, айып пул төлөп кетти. Өзүнүн айтымында, шашып бара жаткандыктан кызылга өтүп кеткен. Ошол учурда жол инспекторлорун көргөн, бирок башка айдоочу менен сүйлөшүп жаткандарын байкап, жолун улаган. Эреже бузган айдоочу өзү тууралуу маалыматты интернеттен көргөн соң, кайрылып келүүнү чечкен", — дешти милициядан.

Айдоочу үч миң сом айыпка жыгылды.

Тема боюнча

Бишкекте инспекторлор кызылга өтүп кеткен жолтандабасты токтотпой койду. Видео
"Коногумду коргогом". Мас болуп унаа башкарды делген Оштун вице-мэри үн катты
Белгилер:
айып пул, жолтандабас, ЖКККББ, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ