Кыргызстанда беш жылда канча бала мектепке жана бакчага барды? Статистика

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Айдаркен в Кадамжайском районе Баткенской области
Город Айдаркен в Кадамжайском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылга салыштырмалуу 2018-жылы бакчага баргандар 1,3 эсеге, ал эми мектепке баргандар 21 пайызга көбөйгөн.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитети 2014-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта бала бакча жана жалпы билим берүү мекемелерине канча бала барганын анализдеп чыкты.

Статкомдун маалыматына ылайык, 2014-жыл менен салыштырганда өлкөдө бакчага барган балдардын саны 1,3 эсеге өскөн. Алардын саны 2018-жылы 197 миңден ашкан.

Ал эми мектепке баргандар беш жылда 21 пайызга көбөйгөн.

"Өлкөдө 2018-2019-окуу жылында күндүзгү жалпы билим берүүчү 2265 уюм иштеди. Акыркы беш жылда аларда билим алган окуучулардын саны 21 пайызга өстү. Башкача айтканда, 1 миллион 268 миң баланы түзгөн. Алардын ичинен 623 миңи кыздар жана 645 миңге жакыны балдар", — деп жазылат маалыматта.

2018-2019-окуу жылында 143 миң окуучу биринчи класска кабыл алынган. Бул 2014-2015-окуу жылына салыштырганда 19 пайызга көп.

Как устроить ребенка в частный детсад со скидкой 50% — видео о проекте в КР - Sputnik Кыргызстан
Баланы менчик бакчага жарым акчасына кантип киргизет. Өкмөттүн видео түшүндүрмөсү
Статкомдун иликтөөсүндө кесиптик билим берүү уюмдарында окугандардын саны да жазылган. 2018-жылы республикада 98 кесиптик билим берүү уюму иштеп, ал жакта 30 миңге жакын адам билим алган. Жыл сайын мындай лицейлерди тогуз миңге чукул бүтүрүүчү аяктап, ал жактан орто билими тууралуу да аттестат алышат.

"Акыркы жылдары электромонтажник, автомеханик, электр газ менен ширетүүчү, кийим тигүүчү, айдоочу, слесарь, жыгач уста, ашпозчу, бухгалтер, улуттук буюмдарды даярдоочу кесипке кызыккандар көбөйдү",— деп жазылат билдирүүдө.

Статком кесиптик лицейлерди окуп бүтүргөн квалификациялуу жумушчулардын саны 2014-жылга караганда 2018-жылы 5 пайызга көбөйгөнүн кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0