Жээнбеков Бишкектеги жаңы ачылган паркка аталыш сунуштады

Жазылуу
Борбор калаанын түштүк тарабындагы эс алуу жайынын жалпы аянты 10 гектарды түзөт.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы жаңы паркты "Ынтымак" деп атоону сунуштады.

Мамлекет башчы бүгүн, 30-августта, жаңы парктын ачылыш аземине катышты.

"Бул жерге өлкөнүн бардык булуң-бурчунан мекендештерибиз бош убактысын өткөрүү үчүн келишет. Ата-энелер балдары менен эс алышат. Биз үчүн эң башкысы — ынтымак, биримдик жана достук. Ошондуктан сейил бакты "Ынтымак" деп атоону чечтик. Бул борбордун тургундарын жана конокторун, бардык кыргызстандыктарды бириктирген жай болсун", — деди Жээнбеков.

Аталган парк Борбор калаанын Түштүк Магистраль менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишинде жайгашкан. Жалпы аянты 10 гектар. Анын ичине 150 отургуч орнотулду. Эми 1800 көчөт отургузуу пландалууда. Эс алуу жайын курууга 82 миллион сом жумшалган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0