Бишкекте 31-август күнү жолдор жабылат. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековЭгемендүүлүк күнүн майрамдоо. Архив
Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖККБ айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкектин кээ бир көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жолдор эртең мененки саат 6.00дөн 00.00гө чейин жабылат.

Көчөлөрдүн тизмеси:

  • Киев көчөсүнүн Тыныстановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Чүй проспектисинин Тыныстановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Фрунзе көчөсүнүн Панфиловдон Раззаков көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Абдымомунов көчөсүнүн Панфиловдон Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү.
  • ЖККБ айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0