Жээнбеков Бишкектин шаар куруу саясатындагы башкы талаптарды атады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков на открытии нового парка в южной части города Бишкек
Президент КР Сооронбай Жээнбеков на открытии нового парка в южной части города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы Бишкектеги жаңы парктын ачылышына катышты. Эс алуу жайынын жалпы аянты 10 гектарды түзөт.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бишкекте шаар куруу саясатында биринчи кезекте элдин ыңгайын эске алуу керек. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков жаңы парктын ачылыш салтанатында билдирди.

Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Абсамат Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги парк бүгүн, 30-августта, расмий ачылды.

"Фрунзе жашыл шаар болгону эсиңерде чыгаар. Азыр биз шаардын экологиясы менен сыймыктана албайбыз. Ал атакты жоготтук. Ошол атакты баарыбыз бирге кайтарышыбыз керек. Ошого аракет жасап, шаарга болгон мамилени өзгөртүүбүз кажет", — деди президент.

Ал шаардын көчөлөрүнүн көркүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин жана арыктар менен парктарды калыбына келтирүү зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0