Кыргызстанда шарп илдети бары-жогун текшерүү үчүн Кытайдан адистер келет

Жазылуу
2007-жылдын июль айында Чүй жана Баткен облустарында малдан шарп илдети табылган соң Кыргызстандан эт экспорттоо дээрлик мүмкүн болбой калган.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. 31-августта Бишкекке Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын кызматкерлери келип, 7-сентябрга чейин малдын шарп илдети боюнча абал менен таанышат. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан кабарлашты.

Аталган иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы "Малдын илдеттери менен бирге күрөшүү боюнча" макулдашуунун алкагында ишке ашканы турат.

"Кытайлык адистер Кыргызстанда мал толугу менен шарп илдетинен арылган деген бүтүм чыгарса, КЭРге тирүү мал, эт жана эт азыктарын экспорттоо боюнча чектөө алып салынып, жаңы келишимдер түзүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Базардагы эт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар кайсы өлкөлөрдөн келген этти жейт? Статистика
Белгилей кетсек, 2007-жылдын июль айында Чүй жана Баткен облустарында малдан шарп илдети табылып, Казакстан бизден эт киргизүүгө тыюу салып койгон. Ошондон бери Кыргызстандан тирүү мал жана эт экспорттоо татаал болуп келет.

Ал эми 2018-жылы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов кытай бийлиги Кыргызстанды өз рыногуна киргизүүгө кызыкдар экенин айткан. Ошол учурда эки өлкө ортосунда малдын ар кандай илдеттерине каршы күрөшүү боюнча бирге иш алып баруу боюнча келишим түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0