17:05 22 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов. Архивдик сүрөт

"Коногумду коргогом". Мас болуп унаа башкарды делген Оштун вице-мэри үн катты

© Фото / Пресс-служба мэрии города Ош
Коом
Кыскача шилтеме алуу
6004 0 0

Вице-мэр "автоинспекторлор мени мазактады" деп ызаланууда. Ошол эле учурда ал мас абалында рулга отурбаганын айтып, унаасын айдоочулук күбөлүгү жок адамга айдатканын ачыктады.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Мас абалда рулга отурган эмесмин, автоунаамды башка бирөө айдап бара жаткан. Бирок анын айдоочулук күбөлүгү жок болгондуктан өзүмдү айдоочу катары көрсөттүм. Бул туурасында Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Эскерте кетсек, Ош шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы вице-мэр Жасур Азимов рулда отурганын билдирген. Калаа мэриясы бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөрүн маалымдаган.

Вице-мэрдин айтымында, окуя жекшембиге караган түнү саат 1.30дар чамасында болгон. Анын унаасы кечинде борбордук аянттан унаа менен өтүүгө тыюу салынганына карабай кирип кеткен.

"Россия, Ташкент жана Бишкектен бизнесмен досторум келген. Алар менен бизнес долбоорубуз бар эле. Чогуу отуруп чай ичкенбиз. Дем алыш күнү кайда барышты бирөөдөн сурашым керек беле? Ошону түшүнбөй жатам. Мен рулга отурган эмесмин, унаамды конокко келген бала айдап бара жаткан. Ал билбей чектөө коюлган жайга кирип алыптыр. Анан токтотуп сүрөткө түшкөнү бара жатканбыз. Ошол маалда инспекторлор келип "машинаны алып коюңуз" деди. Макул десем, "ичип алыпсыз го" деп дароо телефонго тарта баштады", — деди Азимов.

Вице-мэр ал күнү ичкенин моюндап, аны үчүн айып пул төлөөгө да даяр экенин билдирди. Бирок автоинспекторлордун мамилесине нааразы болууда.

"Машинанын ээсин сурашканда меники экенин айттым. Руль башкарган коногум соо эле, бирок айдоочулук күбөлүгү жок болчу. Конокко сөз тийбесин деп өзүмдүн документтеримди көрсөткөм. Анан машинаны айып короого алып барабыз деп конокторумду да шылдыңдашып, көчөгө таштап кетишти. Мени наркологияга алып барышты. Каршылык көрсөткөн жокмун, эреже бузсам жооп берем дедим. Унааны айып короого киргизгенден кийин жөө баратсам, инспекторлор "такси чакырып берейинби, бул номерге чалыңыз" деп мазакташты. Муну ИИМ текшерип чыксын. Азырынча унчукпай турам, четке кагып чыксам өзүн коргоп жатат деши мүмкүн. Сиз мага чалган биринчи журналист болдуңуз", — деди вице-мэр кабарчынын суроосуна жооп берип жатып.

Ошондой эле ал окуя дем алыш күнү болгонун белгилөөдө. Аткаминер моралдык жактан туура эмес иш жасаганын сезип турганын кошумчалады.

Тема боюнча

Милиция: Оштун вице-мэри шаардын чок ортосунда мас абалында унаа айдап бараткан
Сынга сынды... Жалал-Абад мэринин агасы кызматта бир жума иштеп кайра кетти
Белгилер:
Жасур Азимов, инспектор, унаа, айдоочу, мас, вице-мэр, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ