Айланма жолго алынчу акынын болжолдуу суммасы айтылды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОткрытие движения по первой очереди трассы "Таврида"
Открытие движения по первой очереди трассы Таврида - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынамык иретинде 73 чакырымдык жол, башкача айтканда, Бишкектин Алматы көчөсүнөн тарта Чым-Коргон айылына чейинки айланма трасса сунушталган.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Транспорт жана жол министрлиги буга чейин Чүй облусундагы айланма жолуна акы алуу сунушун берген.

ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үй менен автоунаага салык төлөй элексизби? Сентябрдан тарта рейд жүрөт
Долбоор акча төлөп пайдаланган автожолдор жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мамлекеттик органдар менен макулдашылып, өкмөттүн аппаратына жиберилген.

Сынамык иретинде 73 чакырымдык жол, башкача айтканда, Бишкектин Алматы көчөсүнөн тарта Чым-Коргон айылына чейинки айланма трасса сунушталган.

Эми Транспорт жана жолдор министрлигинин акы төлөнүүчү жолдор боюнча эксперттик тобунун жетекчиси Нурлан Кайынбаев Sputnik агенттигинин кабарчысына айланма жол аркылуу жүрүүнүн болжолдуу акысын айтып берди.

"Тарифтердин методикасын өкмөт аныктайт. Бирок алдын ала болжолдуу эсеп бар, транспорттун түрүнө жараша ар бир чакырым 2 сомдон 10 сомго чейин эсептелиши мүмкүн", — деди Кайынбаев.

Ал ошондой эле бул аралык менен жүргөн айдоочулар 146 сомдон 730 сомго чейин төлөшү ыктымал экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0