Бишкекте 28-31-август аралыгында жолдор жабылат. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы ИИМ кызматкерлери. Архив
Ала-Тоо аянтындагы ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнүнө карата "Ала-Тоо" аянтында майрамдык иш-чара уюштурулуп жатканына байланыштуу кээ бир көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

28-августтан 30-августка чейин салтанатка даярдык көрүүдөн улам эртең мененки саат 9.00дөн 11.00гө чейин Чүй проспектисинин Эркиндик проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

Развод-инструктаж сотрудников ОВД столичного гарнизона у Дома правительства - Sputnik Кыргызстан
Милиция күчөтүлгөн режимге өтөт. ИИМдин түшүндүрмөсү
Ал эми 31-август күнү саат 8.00дөн 12.00гө чейин, ошондой эле 19.00дөн 23.00гө чейин төмөнкү жолдор жабылат:

Чүй проспектисинин Тыныстановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Киев көчөсүнүн Эркиндик проспектисинен Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Фрунзе көчөсүнүн Панфиловдон Раззаков көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Жогоруда аталган аймак менен чектешкен Абдымомунов көчөсү дагы жабылмакчы.

Мэрия айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0