Бир жыл ичинде Кыргызстандын бардык мектептери компьютер менен жабдылат

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүИнтерактивная школа в Волгограде
Интерактивная школа в Волгограде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик Дүйнөлүк банк жана Евробиримдик менен жаңы долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. 2020-жылга карата Кыргызстандагы мектептерди 100 пайызга компьютер менен камсыздоо пландалып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, министрлик Дүйнөлүк банк жана Евробиримдик менен жаңы долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул иштердин бардыгы "Жаңы мектеп — келечектин мектеби" аттуу билим берүү концепциясынын алкагында ишке ашырылат.

"Учурда мектептерге интернет коюу боюнча иштер аяктап калды. Жаңы окуу жылына карата өлкөдөгү бардык мектептердин 94,7 пайызы интернетке туташат", — деп айтылат маалыматта.

2017-жылдан тарта өкмөттүн республикалык бюджеттен бөлгөн каражатына мектептерди санариптештирүү иштери башталган.

Бүгүнкү күнү 2 106 мамлекеттик мектепке интернет коюлду. Дагы 31 мектеп спутник байланышы аркылуу дүйнөлүк желеге кошулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0