Садыр Жапаровдун уулунун тажыясы Ысык-Көлдө өтөт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКладбище деревни Шалта
Кладбище деревни Шалта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дастан 22-августта мотоцикл менен бара жатып жол кырсыгына учурап, төрт күндөн кийин эсине келбей Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун реанимация бөлүмүндө көз жумган.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылып, алган жаракатынан каза болгон Дастан Мусталиевдин сөөгү Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Кең-Суу айылына 28-августта саат 11:00дө коюлат. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.

Празднование Дня Победы в регионах России - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаровдун каза болгон уулу Дастан Мусталиев тууралуу эмне белгилүү?
Белгилей кетсек, Дастан 22-августта мотоцикл менен бара жатып жол кырсыгына учурап, төрт күндөн кийин эсине келбей Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун реанимация бөлүмүндө көз жумган.

Токтосунов ошондой эле Садыр Жапаровду баласына топурак салуу үчүн убактылуу коё берүү үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысына жана президент Сооронбай Жээнбековго расмий кайрылганын, азырынча жооп боло электигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0