Унаанын жана турак жайдын салыгын эми калкты тейлөө борборлорунан төлөсө болот

Жазылуу
Бишкек шаарында калкты тейлөө борборунан үчөө бар.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунан (КТБ) транспорттун жана кыймылсыз мүлктүн салыгын төлөөгө болот. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Бишкек мэриясынын суранычы менен КТБ жарандардын салыктарды өз учурунда төлөөсүн камсыздоо үчүн кошумча кызматкерлерди тартты. Мындай аракеттер аймактардагы салык башкармалыктарынын, банктардын филиалдарынын жана шаардагы почта бөлүмдөрүнүн ишин жеңилдетүү максатында жасалууда.

Салыктарды КТБнын кассаларынан саат 9:00дөн 18:00гө чейин төлөсө болот.

Даректери:

  • КТБ №1 — Медеров көчөсү, 44/1, Жукеев-Пудовкин көчөсү менен кесилишет, "Бишкек" соода борборунун имараты;
  • КТБ №2 — Чокон Валиханов көчөсү, 2 ("Аю гранд" соода борбору);
  • КТБ №3 — Жаш Гвардия проспектиси, 4 (Бөкөнбаев менен кесилишет);

Салык төлөй турчу киши паспортунун түп нускасын же көчүрмөсүн алып жүрүшү керек. Техпаспорттун көчүрмөсү болсо да жарайт.

Белгилей кетсек, 1-сентябрга чейин автоунаанын салыгын, 2-сентябрга чейин кыймылсыз мүлктүн, жердин салыгын төлөө керек.

Убагында төлөбөгөндөргө миң сомго чейин айып салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0