Улуу Британиянын элчиси "Аламүдүн" базарына барганын видеого тартып алган

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота Ошского рынка в Бишкеке
Работа Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипломат базардан сатып алган эттин сапатына аябай ыраазы болгонун жазды.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жыл башында кызматка дайындалган Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет "Аламүдүн" базарына барып соода кылганын видеого тартып алган.

Өзүнүн айтымында, ал базарга троллейбус менен барган. Видеосун 25 августта Twitter баракчасына жарыялады. 

​Элчи сатуучулар менен орус тилинде сүйлөшүп, соода кандай өтүп жатканына кызыккан. Базардагылар анын чет элдик дипломат экенин деле байкашпагандай.

Гаррет видеонун алдына "Аламүдүн" базарында мыкты эт сатыларын жазып, эл абдан меймандос экенин да белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0