Курсан Асановдун жансакчысы суракка жашыруун алындыбы? Милициянын жообу

Жазылуу
Жактоочу Асановдун жансакчысын убактылуу кармоочу жайынан да, ИИМдин Тергөө кызматынан да таппай койгонун билдирген.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Курсан Асановдун жансакчысы Дамирбек Пайзылда уулун убактылуу кармоочу жайдан ИИМдин Тергөө кызматына алып кеткендиктен адвокаты жолуга алган эмес. Бул туурасында Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 24-августта, жансакчынын адвокаты Канат Хасанов Facebook баракчасы аркылуу жактап жаткан адамына кире албай жатканын айткан. Жактоочу Дамирбек Пайзылда уулун Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайынан да, ИИМдин Тергөө кызматынан да аны таппай койгонун билдирген. Ошондой эле ал адвокаты жок сурак жүргүзүү мыйзамсыз экенин белгилеп, бир нече сааттан кийин гана араң жолукканын маалымдаган.

Бишкек ШИИБдин билдирүүсүнө караганда, ИИМдин Тергөө кызматы шектүү Дамирбек Пайзылда уулуна тергөө жүргүзүүгө уруксат кагазын Аскер прокуратурасынан алган. Ошонун негизинде сурак жүргүзүлгөн.

"Саат 18.00дөр чамасында шектүү ИИМдин Тергөө кызматына алып барылган. Сурак бергенден кийин саат 21.30дар чамасында ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Саат 21.45те жактоочунун биринчи талабы менен Дамирбек Пайзылда уулу экөө жолугушкан. Укук коргоо органдары адвокаттын ишине тоскоолдук жаратууда деген билдирүү чындыкка дал келбейт", — дешти милициядан.

Адвокат Икрамидин Айткулов - Sputnik Кыргызстан
Курсан Асановдун жактоочусу Айткуловдун баш коргоо чарасы тандалды
Ошондой эле мыйзам боюнча адвокатка ар дайым убактылуу кармоочу жайдын эшиги ачык экени, ШИИБдин жетекчилигине бардык маселе боюнча кайрылууга болорун белгилешти.

Дамирбек Пайзылда уулу азыркы тапта башка иштерге шектелген адамдар менен чогуу убактылуу кармоочу жайында экени айтылат.

Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун айдоочусу, ошол эле убакта жансакчысы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына Кой-Таш окуясына тийиштүү ишке байланышкан документтер менен буюмдарды мыйзамсыз негизде берген деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0