Жеке ишканада иштегендер мамлекеттик ипотеканы кантип алат? Жол-жобосу

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТурак үй. Архив
Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта МИКтин үч программасы бар, эми төртүнчүсүн ишке киргизүү пландалып жатат.

Турак жай сатып алуу — ар бир кыргызстандыктын кыялы. Мамлекет тарабынан берилчү ипотека буга чейин бюджеттик кызматкерлерге гана жеткиликтүү болуп келген. Эми аны жеке компанияларда иштегендер дагы ала алат. Жол-жобосу тууралуу Sputnik Кыргызстан макала даярдады.

Күздө мамлекеттик ипотеканын пайыздык чени алты пайызга чейин түшүрүлөрү күтүлүүдө.

Маалыматтар "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын (МИК) сайтынан алынды.

Мамлекеттик ипотека боюнча канча программа бар?

Ушул тапта МИКтин үч программасы бар, эми төртүнчүсүн ишке киргизүү пландалып жатат. Төмөндө алардын ар бирине токтолобуз.

Насыя бюджеттик кызматкерлерге кандай шартта берилет?

Биринчи механизм — "Даяр турак жайды сатып алуу". Кутулуу мөөнөтү — 15 жылга чейин. Насыянын суммасы — 3 000 000 сомго дейре. Өздүк салым — сатып алынуучу турак жайдын баасынын 10 пайызынан кем эмес болушу керек.

Игрушечный домик - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт ипотекалык программаны каржылоого 500 млн. сом бөлдү
Экинчи механизм — "Жеке турак жай куруу". Кутулуу мөөнөтү — 15 жылга чейин. Насыянын суммасы — 3 миллион сомго чейин. Өздүк салым — курулуштун сметалык наркынын суммасынан 20 пайыздан кем болбошу керек. 7 пайыздык жылдык төлөм курулуш бүткөндөн кийин төлөнөт. Милдеттүү түрдө жер тилкеси болушу шарт.

Эки механизм тең "Жеңилдетилген ипотека" багытында болгондуктан, бюджеттик кызматкерлерге гана берилет.

Пайыздар качан төмөндөйт?

1-ноябрдан тарта азыркы 7-9 пайыз 6-8 пайызга түшүрүлөөрү күтүлүп жатат (алгачкы төлөмгө жараша). Муну дагы бюджеттик кызматкерлер гана пайдалана алат.

Жеке ишканада иштегендер кантет?

Үчүнчү механизмдин аталышы биринчиге окшош — "Даяр турак жайды сатып алуу". Бирок ал "Жеңилдетилген ипотека" эмес, "Жеткиликтүү ипотека" багытында иштейт. Аны бир гана бюджеттик кызматкерлер эмес, жеке ишканада иштегендер дагы пайдаланса болот. 

Кутулуу мөөнөтү дагы 15 жылга чейин. Кардарлар 3 миллион сомго чейин насыя ала алат. Өздүк салым — сатып алынуучу турак жайдын баасынын 20 пайызынан кем эмес болушу шарт. Насыянын жылдык үстөгү — 14 пайыз.

МИК жеке ишкерлерге насыя бере баштайбы?

Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттин сарпталышы - Sputnik Кыргызстан
Мамлекет акчаны эмнеге коротот? Бюджеттик каражаттын сарпталышы сүрөттө
Жакынкы бир айда мамлекеттик ипотекага Немец өнүктүрүү банкы (KfW) тарабынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен ишкерлерге насыя берилип баштайт. Ага Бишкекте же Ошто турак жай аянтын сатып алууга болбойт. Мамлекеттик кызматта иштебегендер 10 пайыз менен алынган насыяны 15 жылда төгүп бүтөт. Кредиттин суммасы — 24 миң евро (Улуттук банктын учурдагы курсу менен 1 миллион 855 миң сом).

Кардарлар кандай талапка жооп бериши керек?

  • Курагы 21 жаштан 65ке (б.а. насыядан толук кутулуп бүткөндө кардар 65 жашта болушу шарт) чейин;
  • Жалпы эмгек стажы үч жылдан кем эмес же ушул уюмда иш стажы бир жылдан кем эмес;
  • Кардардын күйөөсүнүн (аялынын) жана жашы жете элек балдарынын турак жайы жок болушу шарт;
  • Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү каралат;
  • Комиссия ипотекалык кредит алуу укугун берүүдө 5 же андан көп балдары бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан адамдарга артыкчылык берет.

Кайсы документтер зарыл?

  • Программага катышууга анкета-арыз;
  • Паспорттун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
  • Иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • Нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
  • Балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
  • Акыркы үч жылдын ичинде турак жайынын жоктугу жөнүндө кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалым каты;
  • Зарылчылык туулса, жашаган жеринен маалым кат.
Жаңылыктар түрмөгү
0