11:23 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Камактагы адам. Архив

Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов кармалды

© REUTERS / Sergei Karpukhin
Коом
Кыскача шилтеме алуу
3666 0 0

Юрист Бишкек шаардык милициясына берген сурактан кийин кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгени айтылууда.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Бишкекте адвокат Икрамидин Айткулов кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан редакциясына укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар билдирди.

Маалыматка караганда, юристтин үстүнөн арыз жазылган. Бирок эмнеге айыпталып жатканы айтылган жок. Аны Бишкек шаардык милициясына берген сурактан кийин кармап, убактылуу кармоо жайына киргизишти.

Жолдошун сурактан кийин убактылуу кармоо жайына “калтырып” коюшканын жубайы Раушан Айткулова дагы социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Бишкек ШИИБи маалыматты тактап жатат.

Белгилей кетсек, ал акыркы учурда ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу болуп жүргөн. Буга чейин Айткулов президентке, премьер-министрге кайрылып, Курсан Асановго байланыштуу иликтөө бүткөнгө чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди ээлеген кызматынан четтетүүнү суранган.

ИИМ тегерегиндеги чуу

Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо процессинен кийин 13-августта Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулган. Ошондой эле ИИМ ага кызмат ордун таштап, пиар менен алектенүү үчүн Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткен деп кине койгон. Өз кезегинде Асанов кызматтан алынганы боюнча пикирин билдирип, мамлекеттин жана өзүнүн абийири алдында таза экенин белгилеген.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси — "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

15-августта Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү Асановдун үйүн тинтип, 2000 доллардан ашыгыраак акча жана белекке берилген сааттарды алып чыгып кеткени белгилүү болгон.

Тема боюнча

УКМК: Токмок прокурорунун жардамчысы кытай жаранынан 15 миң доллар опузалаган
Жунушалиевдин кызыкчылыгы бар. Курсан Асановдун адвокаты президентке кайрылды
Белгилер:
сурак, милиция, Икрамидин Айткулов

ЭҢ МААНИЛҮҮ