Бишкектен Антальяга барчу учак 11 саат кечигип учту

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учак бүгүн эртең мененки саат 6.05те абага көтөрүлүшү керек болчу.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Бишкек — Анталья каттамы боюнча эртең мененки саат 6.05те учуп кетчү учак 11 саат 27 мүнөткө кечигип, абага көтөрүлдү. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун диспетчерлик кызматынан билдиришти.

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Дели — Бишкек авиакаттамы кайрадан ишке кирди
Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектен Түркиянын Анталья шаарына барчу учак белгисиз себептерден улам кармалып турганын жүргүнчүлөр айтып чыгышкан. Ал эми Avia Traffic компаниясынын жетекчилиги борт бузук эместигин, бирок учууга даяр болбой жатканын айткан.

Аэропорттон билдиришкендей, Бишкек — Анталья каттамы менен жүрчү аба кемеси саат 17.32де абага көтөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0