Жалгыз бой эненин жалгыз уулу эле... Кырсыкта көз жумган футболчу тууралуу

© Фото / Наталья УгрюмоваФутболист Кыргызстанского клуба "Лидер" Ильич Иманбеков
Футболист Кыргызстанского клуба Лидер Ильич Иманбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аны эки жашынан бери энеси жалгыз бой чоңойткон.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. "Академия — Лидер" футбол клубунун негиздөөчүлөрүнүн бири Замир Казакбаев Sputnik агенттигинин кабарчысына бүгүн эртең менен унаа кырсыгынан көз жумган футболчу Ильич Иманбеков тууралуу айтып берди.

Эске салсак, 22-август күнү саат 7.00дөр чамасында Бишкек — Ош унаа жолунда Ысык-Көлдүн "Лидер" клубунун футболчулары келе жаткан микроавтобус Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан.

Ысык-Көлдө эс алуучуларды ташыган автобус жол кырсыгына кабылды - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө казакстандык туристтерди ташыган автобус кырсыктады. Сүрөт
Казакбаевдин айтымында, 23 жаштагы оюнчу үйдүн жалгыз баласы болгон. Аны эки жашынан бери энеси жалгыз чоңойткон. Иманбеков Талас облусунун тургуну эле.

Бир жыл мурда ал НТС каналында көрсөтүлүп келген "Лидер" реалити-долбооруна катыша баштаган. Ушул жылдын апрель айында Топ-лига Кыргыз премьер-лигасы болуп кайра түзүлгөн. Анын курамына Ысык-Көлдүн "Лидер" командасы кошулган.

Иманбеков борбордук жарым коргоочу позициясында ойноп келген. Буга чейин Талас облусундагы клубдарда жана Оштун "Алайында" болчу.

"Ага оюн учурунда толугу менен ишене алчубуз. Оор басырыктуу, токтоо, адилеттүү жигит болчу. Футболго жан дили менен күйчү эле", — деди Казакбаев.

Маркумдун сөөгү Талас облусунда жерге берилет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги футболчунун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0