Мектепке электрондук каттоо дагы төрт шаарда ишке киргизилет

Жазылуу
Быйыл мектепке электрондук каттоо Бишкекте гана ишке ашырылды.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. 2020-жылдын февраль айынан тарта баланы мектепке кабыл алуу боюнча электрондук каттоо дагы төрт шаарда ишке киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

"Эми бул кызматты Ош, Жалал-Абад, Токмок жана Кара-Балта шаарларынын тургундары пайдалана алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Биринчи класстын окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл окуу жылы канчасында башталып, канча окуучу 1-класска барары айтылды
Белгилей кетсек, учурда баланы мектепке электрондук каттоо Бишкек шаарында гана иштейт. Долбоор башталгандан бери 15 700 арыз түшүп, анын ичинен 91 пайызы мектеп жетекчилигине тиешелүү документтерди тапшырып, 1-класска кабыл алынды.

Эске салсак, электрондук каттоого 2019-жылдын 15-февралынан 15-майга чейин убакыт берилген. Бирок министрлик белгиленген убакытта жетишпей калган ата-энелер үчүн каттоо мөөнөтүн 25-августка чейин узартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0