Мамлекет окуткан 1531 жаш мугалим аймактарга иштөөгө жиберилди

© Sputnik / Эмиль СадыровКара-Булак айылындагы мектеп. Архив
Кара-Булак айылындагы мектеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн окуу жылы ЖОЖдорду бюджеттик жана контракттык негизде 4186 жаш адис аяктады.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Жогорку окуу жайлардын педогогикалык факультеттерин бюджеттик негизде бүтүргөн 1531 жаш окутуучу республиканын ар кайсы аймагына иштөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Өткөн окуу жылы ЖОЖдорду бюджеттик жана контракттык негизде 4186 жаш адис аяктаган.

"1531 мугалимдин 131и чек арага жакын аймактардагы мектептерге жиберилди. Окуу жылынын башталышы менен иштөөгө жолдомо алган адистердин канчасы жумушка орношкондугуна мониторинг жүргүзөбүз", — дешти министрликтен.

Маалыматка караганда, Кыргызстан боюнча ушул тапта 77 миң мугалим иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0