Быйыл окуу жылы канчасында башталып, канча окуучу 1-класска барары айтылды

Жазылуу
Акыркы беш жылда шаарларда окуучулардын саны 25 пайызга, ал эми айылдарда 14 пайызга өскөн.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Быйыл Кыргызстан боюнча жалпы 156 миңден ашык бала 1-класска кирет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Анын ичинен Бишкек шаарында 22981 жеткинчек мектеп босогосун алгач ирет аттаса, Ош шаарында 11069, Ош облусунда 22210, Нарында 13982, Ысык-Көлдө 15182, Жалал-Абад аймагында 25257, Баткенде 11443, Чүйдө 23600 ал эми Талас облусунда 10540 бала 1-класска барат.

Министрликтин берген маалыматы боюнча, 1-класстан 11-класска чейинки жалпы окуучулардын саны быйылкы жылы 1 миллион 268 миңди түздү.

"Акыркы беш жылда шаарларда окуучулардын саны 25 пайызга, ал эми айылдарда 14 пайызга өстү", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик өлкө боюнча мектептердин саны 2 265ге жеткенин кошумчалады.

Баса белгилей кетсек, быйыл 1-сентябрь жекшемби күнгө туура келип калгандыктан билим күнү 2-сентябрда башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0